www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 24-августта Өзбекстандын Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия , Тажикстан, Өзбекистандын коргоо министрлери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө коргоо ведомстволорунун жетекчилери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты. Ошондой эле коргоо жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешип, 2023-жылы ШКУнун коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги отурумун Индиянын аймагында өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишти.

Иш-чаранын жыйынтыгында ШКУнун аймагында тынчтыкты камсыздоо максатындагы коопсуздук чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган жыйынтыктоочу документтерге кол коюу менен аяктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости