www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул согуш НАТО менен Орусия ортосундагы согушка айланып кетпеши керек. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг CNN телеканалына берген интервьюсунда айтты. «НАТО Орусияга катуу реакция кылды. Он миңдеген украин аскерлерин машыктырдык», - деди ал.

Анын айтымында, бул согушту токтотуу үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек. «Түркиянын демилгелерин жогору баалайм. Президент Путин бул согушту токтотуп, Украинадан өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетиши керек. Бул согуш Украинанын чегинен чыкпашы керек. Бул жерде да диалог жүрүп жатат», - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Столтенберг Анталияда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушкан.

Эске салсак, Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киев менен Харьковго жасалды.

БУУнун маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам качкын болуп чыгып кетти. Бул ортодо Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улуттар аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген.

Атургай айрым өлкөлөр Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости