www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарындын Кочкор районунда бир мугалим диплом текшерүүдөн улам өз өмүрүнө кол салган.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 9-мартта милицияга 59 жаштагы К.К. аттуу жаран өзүнүн 54 жаштагы Ч.Г. аттуу жубайы кампада асынып алганын билдирип, кайрылган.

Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө кызматкерлери аялдын денесинен зомбулук менен өлүмдүн изин табышкан эмес. Учурда окуя боюнча текшерүү жүрүүдө. Айрым маалыматтарга караганда, мектептин мугалими прокуратурага жасалма диплому боюнча суракка чакырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости