www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы кырдаал боюнча Кыргызстандын туруму туруктуу болуп баратат. Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко маалымат жыйынында президент Владимир Зеленскийдин аны Бишкектен кеңешүү үчүн чакыртып алуу чечимине комментарий берип жатып билдирген.

Элчи Украинанын президенти Владимир Зеленский чакыртып алаарын жарыялагандан кийин Бишкектен кеткен эмес. "Бул дипломатиялык механизмдер чечим кабыл алуу үчүн көп убакытты талап кылат. Бирок алар өзгөрүшү мүмкүн, анткени өлкөнүн позициясы өзгөрүп жатат. Кыргызстандын позициясы ырааттуу болуп баратат", - деди элчи. Элчинин айтымында, ал кыргыз бийлигиндеги жетекчилер менен жолугуп, Орусияга киргизилип жаткан санкциялардын кесепети тууралуу айтып жатат.

1-мартта Украина Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алган. Украинанын президенти Владимир Зеленский буга "Кыргызстан Орусиянын Украинадагы агрессиясын актаганы себеп болгонун" билдирген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 26-мартта орус президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа, орусиялык басылмалар Путиндин Украинага каршы аракеттерин Жапаров кубаттаганын жазышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "элчини кеңешүүгө чакыртып алуу ар бир өлкөнүн укугу" деп комментарий берген. 4-мартта Украинанын Кыргызстандагы элчилиги күнүмдүк ишин улантып жатканы кабарланган.

Эске слсак, президент Садыр Жапаров 9-мартта парламентте Кыргызстан Орусия менен Украина ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманаарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости