www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Страсбургдагы Адам укуктары боюнча Европа соту мурдагы президент Михаил Саакашвилинин чет өлкөгө дарылануу өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу Грузиянын юстиция министри Рати Брегадзенин брифингде билдирди.

Мындан тышкары, министр Страсбург соту мамлекетти Саакашвилини Грузиядагы башка клиникага которууга милдеттендирбегенин айтты.

«Мунун баары ал камакка алынган күндөн берки мамлекеттин бардык аракеттери туура болгонун жана адам укуктары жаатындагы эң жогорку стандарттарга жооп бергенин көрсөтүп турат», - деди Рати Брегадзе.

Өкмөт Саакашвилини башка өлкөгө дарыланууга которууну жокко чыгарат. Грузин бийликтери Саакашвилинин оор абалы тууралуу сөз “пиар кампаниянын” бир бөлүгү экенин, ал өзү болсо “дарыгерлерге баш ийбей, аны бошотуу үчүн жасалма аракеттерди кылып жаткан” кылмышкер экенин ырасташууда.

Эске салсак, Грузиянын соту Саакашвилини ден соолугунун абалына карабай камакта калтырган.

Анын бир топ арыктап, таанылгыс болуп өзгөрүп кеткени да айтылган.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Саакашвилинин абактан бошотулушу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес, анткени ал дагы үч иш боюнча айыпталып жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости