www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Судандагы эки жарым жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан куралдуу кагылышуу 21,2 миллион адамды – калктын 45 пайызын ачарчылыктын алдында калтырды. Өлкөнүн эки шаарында ачарчылык расмий түрдө тастыкталды. Булар Эль-Фашир жана Кадугли шаарлары.

Бул маалымат Бириккен улуттар уюмунун расмий баракчасына жарыяланды.

“Судандагы ачарчылык согуштун түздөн-түз кесепети. Эки жарым жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан куралдуу кагылышуулар 21,2 миллион адамды – калктын 45 пайызын – ачарчылыктын алдында калтырды. Эки шаарда ачарчылык расмий түрдө тастыкталды. Бирок, согуш басаңдап, гуманитардык уюмдар муктаж болгондорго жардам ала баштаган жерлерде, начар тамактануу деңгээли төмөндөй баштады”,- деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жеткен аймактарда жардамдын көлөмү көбөйүп, калкка олуттуу жардам алып келди. Бирок, кагылышуулар уланып жаткан жерлерде, калктуу конуштар гуманитардык жардамдан ажыратылган жана кырдаал оор бойдон калган.

Уюм 2024-жылдын апрелинен бери, айрыкча ачарчылыктын алдында деп эсептелген Эль-Фашир жана Кадугли шаарлары курчоого алынгандан бери оор кырдаал жаралып жатканын эскертип келет.

“Судандагы БУУнун Азык-түлүк программасынын операциялары кырдаалды өзгөртүүгө жардам берди. 2024-жылдын декабрында он район ачарчылыктан жабыркаган деп классификацияланган болсо, алардын тогузу кийинчерээк бул категориядан алынып салынган же “ачарчылык коркунучунда” статусуна түшүрүлгөн. Негизинен аймактарга жардам үзгүлтүксүз жеткирилип турган”,- деп айтылат билдирүүдө.

БУУ берген маалыматка ылайык, 2025-жылдын башынан бери ачарчылык тастыкталган аймактарда жана ачарчылыктын алдында турган аймактарда жардам алган адамдардын саны үч эсеге көбөйгөн. Акыркы алты айдын ичинде бул аймактарда болжол менен 1,8 миллион адам ай сайын БУУнун Азык-түлүк программасынын жардамын алышкан. Бул аймактардагы муктаж болгондордун 85 пайызын түзөт.

Өткөн жыл 2024-жылы дээрлик жетүүгө мүмкүн болбогон аймактар Хартумга, Аль-Жазира, Түндүк Дарфурдун, Нуба тоолоруна жана Кадуглиге гуманитардык жардамды калыбына келтирилген.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 15-апрелинде башталган Судандагы жарандык согуш үчүнчү жылына кирип баратат.

Дүйнөлүк маалымат каражаттарында сейрек айтылып жаткан бул согуш миллиондогон адамдардын өмүрүн талкалады.

Маалыматтарга караганда, 12 миллиондон ашык адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми үч миллиону чет өлкөгө качып кеткен. Суданда азыр дүйнөдөгү башка өлкөлөргө караганда жер которгон адамдардын саны көбүрөөк.

Булак: Eurasiatoday 

Последние новости