www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусундагы Кемин аймагынан Көк-Жар айылына чейин акы төлөнүүчү айланма жол куруу иштери башталды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кеминдеги төрөт үйүнүн курулушун баштаган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

"Кеминдиктер, шаарга киргенде тыгын болуп, Канттан өткөндөн кийин кире албай кыйналып жатасыңар. Ошол көйгөйдү чечиш үчүн 65 миллион долларга айланма жол куруп баштадык. Ал акы төлөнүүчү жол болот. Кеминден киресиңер дагы, Көк-Жардан чыгып кетесиңер", — деди Ташиев.

Анын айтымында, жол салынса, айдоочулар 200-300 сомдун тегерегинде акы төлөшү мүмкүн.

УКМК төрагасы ошондой эле жакында Кыргызстандын миң айылына күндөн электр кубатын ала турган станциялар салынарын кошумчалады. Алар күндүз 6-7 саат, түнкүсүн эки саатка чейин электр энергиясын бере алат. Учурда инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Последние новости