www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында 16 жаштагы өспүрүм жол четинде бара жаткан адамдарды сүзүп кетип, аял небереси менен каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрда 16 жаштагы А.М. агасынын BMW үлгүсүндөгү унаасын уруксатсыз айдап чыккан. Саат 12:40 чамасында Касымалиев көчөсүндө ал рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып, 48 жаштагы Ж.С.ны, анын 20 жаштагы келини жана бир жашар небере кызын сүзүп кеткен. Андан кийин унаа жол четинде токтоп турган КамАЗга урунган.
Кырсыктын кесепетинен 48 жаштагы Ж.С. окуя болгон жерден каза тапкан, бир жаштагы небереси ооруканада көз жумган. 20 жаштагы келин Ж.М. жана жүк ташуучу унаанын айдоочусу ооруканага жеткирилген. Бул окуя маалымат журналына катталып, бардык зарыл экспертизалар дайындалды. BMW унаасын айдаган 16 жаштагы А.М. камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.