www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эми кызыл жана жашыл китептин ордуна кадастрдык план берилет. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Кадастрдык план – бул жер тилкесине же башка кыймылсыз мүлккө берилүүчү негизги документ. Башкача айтканда, жердин "паспортунун" милдетин аткарат.
Кадастрдык план кимдер ала алат?
Кадастрдык планды алуу үчүн жеке жана юридикалык жактар Жер агенттигинин жергиликтүү каттоо органдарына арыз менен кайрылуусу зарыл. Жергиликтүү каттоо органдары кадастрдык планды даярдап, электрондук базага киргизген учурда "Түндүк" тиркемесинен көрүүгө болот.
Кадастрдык планда кайсы маалыматтар камтылат?
жердин номери;
жердин кандай категорияга кирери;
эмне үчүн колдонулары;
жердин аянты;
кайсы жерде жайгашканы;
жердин картасы жана координаттары;
жерге байланышкан укуктар жана чектөөлөр;
кимге таандык экени жана ошол жер боюнча мурда жасалган бүтүмдөр.
Бул документ мурун берилчү мамлекеттик актылардын ордун толук басат. Эми ар бир жеке же юридикалык жак ушул кадастрдык планды алат.