www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Памирдеги кыргыздар келсе чыдабайт, кетип калат. Мындай пикирди Памир кыргыздарын көп жылдан бери изилдеп жүргөн профессор, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов айтты.

--"Памирдеги кыргыздарды алып келе турган болсо, атайын мамлекеттик программа иштеп чыгуу зары. Анан ошого ылайык атайын бир жер бериш керек эле.

Булардын маданиятын ачык асман музейиндей кылып сактоо керек. Ушинтип чачып ийип, бирден-экиден кылып отургузуп койгондо буларга кыйноо да өзү. Жаман зор кыйноо, психологиялык кыйноо. Физикалык адаптациядан өтүшү кыйын. Маданий адаптациядан өтүшү кыйын. Мындай катаал немеге чыдай албайт. Алар чыдабайт, кетип калат деп мен мурдатан эле айтып жүрөм. Болчу беле ошондой? 

Алар башка эко-системанын адамдары. Анан бул жерге келгенде жат болуп калат, өзүлөрүн да жат сезе берет. Анан биздикилер дагы аларды оңой менен өз деп сезбейт.

Ошондуктан ушул карама-каршылыктан улам алар баары бир кетип калат. Аларга башка мамиле керек болчу. Бул жерде популисттик же болбосо кандайдыр бир башка кызыкчылыктар бар го, ошон үчүн алып келген деп айтамын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости