www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дилбар айым сиздин ак чепкенди жумгалдык беш кемпир да кийбейт. Мындай пикирди журналист Элнура Кулуева жазып чыкты.

«Бишкекте төрөлгөн Ашимбаева Дилбар айым, эч качан элди басмырлап сүйлөбөңүз. Учурунда Алмаз Шаршенович да басмырлап сүйлөп, ошол элге зар болгон. Жумгалдыктар, чаткалдыктар бүтүндөй эл. Ооздон жаңылган турбайт. Эсиңиз болсо кечирим сураңыз. Кечээки олимпиадага тиккен кийимдериңиз жалпы кыргыз элинин сынына кабылды. «Хоха вариант» болуп калганын мойнуңузга алыңыз. Турбазадан 150 сомго материал алып «Дилбардын көйнөгү» деп 50 миңге сатып койгон учур эмес. Ак чепкениңизден жана тантыган сөзүңүздөн рейтингиңиз талп деп жерге түштү. Чындай келгенде сиздин ак чепкенди жумгалдык беш кемпир да кийбет. Айшакан сандыктагы чоң энесинин ак чепкенине шайы көйнөгүнүн гүлүн кесип чаптап алгандай эле болуп калган. Бул чындык», - деп белгилеген Кулуева.

Эске салсак, буга чейин Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына барчу кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын параддык формасы талкууга алынган. Кыргыз курамасынын формасын дизайнер Дилбар Ашимова тигип берген.

Ал эми ар бир кийимге 95 миң сом коротулганы да айтылган. Бул эл арасында бир топ терс пикирлерди жаратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости