www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазуучу Сулайман Рысбаев учурдагы коомдо орун алган орчундуу көйгөйлөргө токтолуп, аларды тизмектеп өттү.
Ал коомчулук эне тил, улуттук нарк, баалуулуктарды унутуп бара жатканын билдирди.
"1. Балдарыбыздын аттарын чет элдиктерче коюуга ѳттүк;
2. Эне тилибизди баалап-барктабай, чет тилде сүйлѳѳнү мода кылып баратабыз?
3. Ак калпагыбызды баалабай, бир жылда бир кийген болуп, жыл бою чет элдик “каз тумшук” кепкаларды кийүүгѳ ѳттүк;
4. Улуттук баалуу бир катар тамактарыбыздын, суусундуктарыбыздын, буюмдарыбыздын нукуралыгын жоготуудабыз;
5. Ишканаларыбызга чет тилдерде ат коюп, жарнамаларыбыз эне тилибизде жазылбай баратат;
6. Улууларыбыз улуттук нарктарыбызды унутуп, жаштарга үлгү болор сѳзүн айтпай баратат;
7. Улуттук идеал болор түшүнүктѳрүбүз эскинин калдыктары катары жоголуп, жаштарыбыз чет элдик мушкерлер менен артисттерди кумир тутуп калды;
8. Айылда тезек тергенде кийбеген албырак-салбырак айрык шымдарды шаардык кыздарыбыз мода кылып, коомдук жайларда, театрларда кийип жүрѳт;
9. Кѳркѳм адабий китептер окулбай, театр-кино кѳрүлбѳй, үлгү болор каармадарды билбей калдык;
10. Мектепте балдарыбыз мугалимин сыйлабай, “мугалим” деген ыйык ысым сууп, мектептерибиздин кунары качып, окуучулар бири-бирине каракчы (рекет) болуп, тоноп жатышат;
11. Салттарыбызды, каадаларыбызды бузуп, терс адаттарды жапырт карманып, рухубузду булгап жатабыз;
12. Бири-бирибизден жакшы сѳзүбүздү аяп, текеберленип, кайдыгерлик күчѳѳдѳ;
13. Элдик ширин сѳздѳрүбүздү чанып, чет сѳздѳргѳ алмаштырууну мода кылуудабыз;
14. Улуттук кийимдерибизди кийинбей, кийинүү маданиятыбызды бузуудабыз;
15. Улуттук баалуулуктарыбыз менен тарбиябызды эске албай, чет элдик билимге жапырт ѳтүп бараткандайбыз...
Деги, кыргыз элим, биз каякты кѳздѳй баратабыз?! Улуттук акыл-эсибизге, адеп-ыйманыбызга качан кайтабыз?!", - деп жазды Рысбаев.
Булак: NazarNews.kg