www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Султан Раев: «Кайра жаралуунун улуттук идеясы керек»

Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев, унутта бара жаткан улуттук идеологияны оор үшкүрүк менен эске салды.

Идеология - бул саясий башкаруунун эң башкы инструменти болуп келген, бизге идеология эмес, эн оболу улуттук идея керек, ошол идеялардын системасы мамлекетти, өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы механизимне айланат. Бир башкаруу чөйрөсүн же саясий топту тейлеген идеология анархизм менен демогогияга алып барат. Мамлекеттик идеология бул мамлекеттик машинага айланат, ошондуктан бизге жалпы улуттук идеялардын системасы керек.

Ал өзүнүн өзөгүн кайдан алат? Мамлекеттүүлүктөн, көз карандысыздыктан, эркиндиктин бүткүл иниституттарынан алат. Жалпы улуттук идеянын - башкы өзөгү Адам, адам баалуулугунун системасын өнүктүрүүнү көздөгөн өлкө гана жалпы улуттук өнүгүүнүн идеясы менен жашайт. Идеология деген түшүнүк өзүнүн түпкү маанисин эсил кайран СССРдин доорунда толугу менен дискредитациялады.

Улуттук идеянын түпкү манызы өткөн менен бүгүнкүнү жана келечекти ширелтип турушу зарыл. Бул улуттук менталитет менен иденттүүлүктүн бекем каркасы. Улуттук идеянын башкы душманы - пафос, курулай шандануучулук, сабатсыздык. Улуттук идеянын канаты - ишеним, кайра жаралуу, реалдуулук. Эч нерсеге ишенбей калган тоталдык кырдаалда, бул улуттук идеялардын системасын калыптандыруу чөлдө жүрүп булак көзүн издегенге тете түшүнүк. Жалпы улуттук идеялардын системасы гана өлкөнү, коомду бу саздан чыгара алат.

Жапония ойду-тоону айтпай эле «Жапон духу, европа билими» деген жөнөкөй идея менен гана дүйнөнүн эң алдынкы өлкөсү болуп келет.

Биздин улуттук духтун ниглизми - өткөн тарых, ата-бабалар менен курулай шаңдануу, ал эми өзүбүз кайсы тарыхты жасайбыз, келечекке кайсы тарыхты калтырабыз толугу менен бүдөмүк. Уруу менен кокту-колоттун психологиясынан качан арылганыбызда, кыргыздын биринчи душманы болгон трайбализимди жеңебиз, аны жеңмейин толук кандуу Улут болуу кыйын. Өзүнүн гана амбициясы менен жашаган улут эч качан улут боло албайт, ал бүгүн дүйнөлүк процесстин агымы, дүйнөлүк кубулуштарга адекваттуу мамиле жасоо менен, өзүн чоң дүйнөнүн бир болугу катары сезген, дүйнөнүн татыктуу мүчөсү боло алган улут гана эркин коомду, эркин мамлекетти түзө алат. Өлкөнүн кадыр-баркын калкынын саны же аймагынын кендиги эмес - духу аныктайт...

Ал дух - билимдуу, сабаттуу, биримдик менен ынтымакты бийик койгон элде, мамлекетте, өлкөдө, өткөндү урматтаган, бүгүнкү заманга адекваттуу аракет жасаган, келечекке үмүттүү караган элдин духунда жашайт. Кайсы системалуу баалуулуктарды тандайбыз жана кайсы дөөлөттөрдү жогору коебуз? Бул да маанилүү маселе.

Биз ошого даярбызбы? – дейт, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев.

Эске сала кетсек, акыркы 10 жылда Кыргызстанда улуттук идеология унутта калып, жеке кызыкчылык басып өттү. Бул көрүнүш менен мамлекеттин жана жаштардын келечеги толугу менен оор абалда калып кетиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости