www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Махмуд Кашгари Барскоондук. Бул тууралуу маалыматты белгилүү жазуучу Султан Раев билдирди.

-- Дүйнөлүк тил илиминде, картография илиминде өзгөчө кызыгууну туудурган ысым, ал - Махмуд ибн Мухаммед ал Барскани ал Кашгари. Атактуу “Дивани лугат ат-турк” эмгеги менен дүйнөлүк тил илиминде үлкөн фундаменталдуу эмгекти жаратып, тил илим изилдөө алтын коруна жазылса, ал эми анын “Барскоон - дүйнөнүн Борбору” деген дүйнөдөгү алгачкы карта, картография тарыхындагы адамзаттын эң алгачкы карталарынын бири катары, тунгуч карта катары таанылган.

Дүйнөлүк илим Махмуд Кашгари Барскоондукту тааныган. Аны илимий дүйнөдөн тартып, дүйнөлүк википедияга чейин айтып келет. “Дивани лугат ат- турк” эмгегинин түпнускасы Стамбул улуттук китепканасында сакталып турат.

Махмуд Кашгари Ысык-Көлдүн Барскоонунда болжол менен 1028-1029-жылдары төрөлгөн. Ал өзү төрөлгөн Барскоонду дүйнөнүн түп уюлу, туткасы, борбору катары көргөн, бу карта дүйнөлүк алгачкы карта катары азыркыга дейре кызыгуу туудуруп келет. Анын картасы (XI кылым) Чыгыштан - Жапонияны, Батыштан -Мажарстанды ( Венгрия) камтыган.

Кеп бу сөздүн жаңылыгында эмес, кеп бу дүйнөлүк маанидеги улуу эстеликке, мураска, деги эле биз Махмуд Кашгари Барскоондукка жасап жаткан мамилебизде. Бу керек болсо, дүйнөлүк сыймык! Неге биз бу сөзгө маани бербей, көңүл борборунун сыртында кармап келебиз?!..

Жөп-жөнөкөй эле суроо? Бүгүнкү күндө улуу инсандын Барскоондо төрөлүп, өскөнүн чагылдырган белги, стелла, же анын дүйнөнү дүнгүрөткөн картасынын панорамасы, сүрөтү барбы? Жок. Жаңы ачылган Улуттук тарых музейинде Махмуд Кашгари Барскоондуктун экспозициясычы? Картасычы? Атактуу эмгегичи? Бу кош-кош суроо.

Бу маселени жазып жатканыбыздын удулу мында: Кээ бир илимий чөйрөдө анын тарыхый ысмы менен байланышкан жер да, эмгек да, ал гана эмес улуу инсан өзү да (кээ бир илимий чөйрөдө) таптакыр башка мотивация менен айтылып, башка трактовка менен түшүндүрүлө баштады.

Буга ким күнөөлүү? Биз, баягы эле биздин кайдыгерлигибиз! Илмий чөйрөдө фундаменталдуу, системалуу “аянтчабыз”, такай өткөрүлүп турган платформабыз жок! Жер таануу же туризм обьектиси болуп бере турган бир да таанытым механизми жок! Дүйнөдө Махмуд Кашгари Барскоонун илимине, картасына, туулган жерине кызыккандар миңдеп саналат!

Бул абал чукул аракеттерди, системалуу мамилени талап кылат.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму бул багытта кыргыз өкмөтү, жергиликтүү бийлик, илимий чөйрө, демилгечилер жана идеялаштар менен чогуу иш-аракетти жүргүзүүгө даяр экендигин, демилгечи экендигин билдирет.

Махмуд Кашгари Барскоондук - түрк дүйнөсүнүн Алтын уюгу, улуу мурасы, руханий сыймыгы! - дейт Султан Раев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости