www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Султанбай Абдрашитович, сизге Манас жана Ноокат районунун дыйкандары кайрылып, алар кредитке алган үрөндөн оору чыкканын айткан турбайбы?

- Мен ал кишилерди тааныбайм деле. Ушул маселе менен шугулданганым үчүн эле мага жиберип жатышат. Бул өсүмдүктөр үчүн эң коркунучтуу илдет. Аны жоготуу кыйын, жерди 3-5 жыл дарылап, үрөндү алмаштырып туруш керек. Бул биздин дыйкандар үчүн артыкбаш чыгым. Андан тышкары, биздин азык-түлүк коопсуздугубузга түздөн-түз коркунуч туудурат. Атүгүл түшүм жыйналгандан кийин анын калдыгын мал жесе, оору кайра тарашы мүмкүн.

- Анда үрөндү ар ким каалагандай ала бербей, бир борбор аркылуу тараш керек го?

- Өзү ошондой болушу керек эле. Мага түшүнүксүз жагдай жаралды, кантип оорулуу үрөн бизге келип калды? Чын эле “супер элитабы”, же жашыруун жол менен келген башка эле үрөндү берип салышканбы? Таластык фермер айтып атпайбы, “мен дарыладым, андан кийин чыгып атканы ушул” деп. Ошон үчүн териштирүү керек. Ушул үрөндү канча киши алды? Канча жерге эгилди?

Бул фермер арга издеп жөнөткөнү да. Дагы канчасы эмне кыларын билбей баштарын мыкчып отурушат? Ноокаттагы “супер элита” деген үрөн 15 сантиметр өсүп эле токтоп калган. Бул бир жагы.

Экинчи жагы, дыйкандар үрөндүн килосун 50-57 сомдон алышат. Ошол эле учурда ушундай эле үрөн эркин рынокто 31-37 сомдон сатылууда. Эгер кредитти акча түрүндө бергенде дыйкандар 31 сомдон эле алышмак да.

Дегеле товардык кредит берүү – бул банктын иши эмес. Кредитти товар менен берип, кайра алганда акча менен алууда. Бул да туура эмес. Кредит товар менен берилсе, товар менен кайтарылышы керек. Ошондо дыйкандарга күч келбейт.

Мындайча айтканда, кимдир бирөөлөр өкмөттүн акчасынан бизнес жасап жатышат...

Булак: Азия News гезити

Последние новости