www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сулуу чымчык» суз тартып…

Тайванга барып тайраңдаганы үчүн вице-спикерлик орундан кол жууган кадимки «сулуу чымчык» каймана ысымдуу Нурбек Алимбеков деген Жогорку Кеңештин депутаты бар эмеспи. Араа, балта дегенди жакшы түшүнгөн Алимбеков элдин ишеничи менен Жогорку Кеңешке келгенин унутуп калган окшойт. Болбосо эл көйгөйүн айтып, трибунадан эки ооз сөз айтат эле. Же Тайвань чыры таптакыр тамтыракайын чыгарып койгонбу, ушу тапта суз тартып эле үндөбөйт. Депутат деген элдин арыз муңун, мыйзамдардын иштеп-иштебей атканын карап, тиешелүү жерлерден көзөмөл кылып, тыкылдап турушу керек эле. Бул мырза аквариумдагы балыкчасынан эле тил ооздон калып, анан сулуулугуна кам көрүүдөн бошой албай күндө бир костюм кийип жумушка келүүдөн тажабады. Нурбек мырза сиз антип тажабасаңыз, эл сизден тажады. Ушуну ойлонсоңуз боло…

Булак: Де-Факто

Последние новости