www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Цивилизациялык схемаларды алдын ала айткан World One суперкомпьютери адамзаттын тукум курут болуу мезгилин аныктаганын британиялык The Daily Star басылмасы жазды.
1970-жылдары Рим клубу тарабынан жасалган компьютердин эсептөөсү боюнча, цивилизациянын кыйрашы 2050-жылы болот. Акыр замандын себеби адамдардын ишмердүүлүгү, анын ичинде айлана-чөйрөнүн булганышы болот.
«Болжол менен 2040-2050-жылдар аралыгында бул планетада биз билген цивилизациялуу жашоо токтойт», - деп айтылат божомолдо. «Экологиялык жактан таза» унааларга толук өтүү жана катуу төрөттү көзөмөлдөө да абалды жакшы жакка оңдой албайт.
Буга чейин KP.RU сайты майя календары боюнча 2012-жылы дүйнөнүн акыры окумуштуулардын тамашасы болуп чыкканын жазган. Маялардын атактуу айтымчысы америкалык окумуштууга таандык экени белгилүү болду.
Ошондой эле буга чейин дүйнөнүн акыры 2018-жылдын 16-августуна белгиленген. Conspiracy теоретиктер анда коркунучтуу Нибиру планетасынын пайда болушуна байланыштуу бүткүл адамзаттын өлүмүн алдын ала айтышкан.
Булак: NazarNews.kg