www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда абакта отурган 25 жаштагы И.Т. аттуу жигиттин милиция тууралуу айтканы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ал жигитти суракка алуу процесси башынан аягына чейин видеого тартылып, ага анын жактоочусу дагы катышкан. И.Т.нын «өлүм алдындагы» катында жазылгандай, Талас ОИИБдин жетекчиси буйрутма берип, анын негизинде тергөөчү жана башка кызматтын кызматкерлери аны кыйнап, мажбурлап көрсөтмө алды дегенге эч себеп жок. Аталган кызматкерлер Жазык процесстик кодексинин жетекчилиги менен иш алып барышууда жана ар бир процесс видеого тартылган.

И.Т. аттуу жигит Талас ОИИБдин криминалдык милиция жана тергөө кызматкерлери тарабынан 26-апрелде Жазык кодексинин 267-беренесинде (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмышты жасоого шектүү катары 2 айга камакка алынган. И.Т. 30-май күнү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайында белгисиз бир себептерден улам өзүн өлтүрүүгө аракет кылып, сол колунун билегин 3 жерден жана ичин кескилеп салган. Ал буга чейин бир нече жолу тез жардам кызматын чакыртып, ден соолугуна даттанган. Бирок дарыгерлер анын ден соолугу жакшы, ооруканага жаткырууга себеп жок экенин билдиргенден кийин ушундай жолго барганы аныкталган. Бул кыймыл-аракеттер шектүү И.Т. абакта жаткан кезден тартып ар кандай амалдарды ойлоп, камактан ооруканага чыгып кетүү максатын көздөп жатканын айгинелеп турат. Учурда бул факт боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Талас облусундагы өкүлү Нурлан Абдыраимов Талас облусунда абакта отурган 25 жаштагы жигит өз өмүрүн кыюуга аракет жасагандыгын кабарлаган.

Борбордун маалыматына караганда, ал 2-июнь күнү Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы убактылуу кармоочу жайга барган. Абактан 1995-жылы туулган И.Т. аттуу жигиттин оозеки түрдө даттануусун уккан. И.Т. өз сөзүндө 30-майдан 31-майга караган түнү Талас шаарындагы убактылуу кармоочу жайда колунун кан тамырын 3 жеринен, андан кийин курсагын кесип, өзүн өлтүрүүгө аракет кылганын айткан. Андан кийин ага жардам көрсөтүлүп, Кызыл-Адырдагы абакка которулган.

Ал буга катар эле өлүм алдында ата-энесинен кечирим сурап кат жазганын билдирген. Бирок эмне үчүн өзүн өлтүрүүнү каалаганы тууралуу суроого өмүрү үчүн коркуп жатканын айтып жооп берүүдөн баш тарткан. Бул боюнча арыз жазууга да макул болгон эмес. Бирок буга карабастан И.Т.нын оозеки даттануусу, сүрөттөр жана видео иликтөө үчүн прокуратурага өткөрүлүп бериле турганы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости