www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-июнда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Биринчи май райондук сотунда өткөн сот отурумунда адвокат Нурбек Токтакуновдун билдирүүсүнө комментарий берди.

“Биринчиден, адвокат Нурбек Токтакунов өзү коронавирус менен ооруганын мойнуна алып, бирок вируска каршы антителолор бар экенин айтып жатат. Эмне үчүн башкалар катары ал обсервацияга жаткырылган эмес. Экинчиден, Сапар Исаков коронавируска тапшырган анализинин жыйынтыктары тууралуу маалымкаты жок адвокаттар менен жолугушууну каалабайт.

Жакында, СИЗО-1де адвокат өзүнүн кардары С.Исаков менен жолугушуп, алар айнек аркылуу сүйлөшүшкөн. Жолугушуу учурунда Сапар Исаков адвокатына ал жана башкалар пиар менен эмес, кылмыш иштери менен алектениши керектигин айткан” – деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости