www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашованын өспүрүм кызды зордуктоого шектелген уланды сот эркиндикке чыгарып жиберди деген билдирүүсү боюнча Жогорку сот комментарий берди.

Маалыматка караганда, аталган кылмыш иши боюнча айып тагылган 22 жаштагы Б.Ш. аттуу жарандын баш коргоо чарасы тандалып, үй камагына чыгарылган.

"Тергөө бүткөндөн кийин материалдар сотко өткөрүлуп берилген. Биринчи Май райондук соту аталган иште кылмыштын курамы жок экенин аныктап, шектүүнү актаган. Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Учурда Бишкек шаардык прокуратуранын кассациялык сунушу менен аталган иш Жогорку соттун өндүрүшүнө алынып, кароо стадиясында турат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Айсулуу Мамашова Бишкектеги соода борборлорунун биринин ажатканасында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 22 жаштагы жигитти тийиштүү экспертизилардын жыйынтыгына карабай сот актап жиберген деп нааразычылыгын билдирген. Аны менен катар эле жабырлануучу кыздын апасына шектүүгө моралдык чыгым төлөп беришин милдеттендиргенин айткан.

Депутаттын айтымында, окуя 2016-жылы болгон, сот иштери ошондон бери уланып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости