www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО-Олжобай Шакирдин жубайы коронавирус жуктуруп алды

Журналист Олжобай Шакир жубайы коронавирус жуктуруп алганын коомчулукка айтты. Анда ал тажы вирусту жомок катары ойлобойлу, биргеликте күрөшүп, сактаналы деп видео-тасмасын “РухЭш” сайтына жүктөгөн.

“Туугандар, менин үй-бүлөмө кантип коронавирус келгенин түшүндүрүп берейин. Бул ооруну жашырып кереги жок. Менин келинчегим ооруп калгандыгынан улам, муну элге ачык туюнтуу керек экен деп түшүндүм. Өткөндө такси менен келе атсам, бир такси колун сунат. Эй тарт колуңду десем, “байке бул деген саясат. Жөн эле жомок кылып атышат дейт”. Динчилдер жомок чыгарып алды. Биз муну менен жапа тырмак күрөшүшүбүз керек. Келинчегим жакшы эле сактанып жаткан. Кайненем ооруп, ооруканага ташып атканда жукса керек. Муну айтып атканымдын себеби, элдин арасында коронавирус жөн эле жомок деген түшүнүк жүрүп атат. Жомок дегенге болбойт. Мен өз башымдан өткөнүнөн улам айтып атам”, – деп билдирүү тараткан Олжобай Шакир. Булак:NazarNews.kg

Последние новости