www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө коронавирус табылган адам туугадарына жентек той өткөргөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы ыкчам штабы билдирди.
Эске сала кетсек, бүгүн, 4-июнда Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктурган бир адам катталган.
Облустук штабдын маалыматына таянсак, бейтап 22-майдан 25-майга чейин Бишкек шаарында болгон.
"Жети-Өгүз районунун 23 жаштагы тургуну Бишкектен Ысык-Көлгө келгенден кийин 20га чукул кишини чакырып баласына жентек той берген. Бүгүнкү күндө 20 адамдын бардыгынан коронавируска анализ алынып, үй карантинине алынды", — деп айтылат маалыматта.
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1899га жетип, бүгүн, 4-июнда, 28 кишиден аныкталды.
Ал эми жалпы 1292 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 20 киши каза болду.
Булак: NazarNews.kg