www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда медиа-омбудсмендер ишке кирди

Тажикстанда окуялардын бейтарап жана калыс чагылдырылышына жана журналисттик этиканын сакталышына көзмөл жүргүзүү үчүн медиа-омбудсмендер ишке кирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Медиа-омбудсмен институту Internews Network эл аралык уюмунун колдооосу менен ачылган. Тажикстандагы Көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары ассоциациясынын төрагасы Нуриддин Каршибоевдин айтымында, ушул тапта медиа-омбудсмендер алты жергиликтүү ЖМК менен иштешүүдө.

Анын пикиринде, окуяларды калыс жана бейтарап чагылдыруу жана журналисттик этиканы сактоо – ЖМКлар менен мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын соттошуусуна жол бербөөгө шарт түзөт.

Медиа-омбудсмендер Internews Network менен ЕККУ биргеликте уюштурган журналисттик этика курстарынан өтүшкөн.

Быйыл апрелде “Журналисттер үчүн адилеттүүлүк” фонду акыркы эки жылда Тажикстанда 81 жолу ЖМКларга чабуул жана коркутуп-үркүтүү болгонун маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости