www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-майда Баткен облусунун аймагында кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Алардын жаңжалына булак талашуу себеп болгон.

Кыргыз айылы менен чектешкен Сох аймагынын тургундары Фергана облусунун акимине каршылыгын билдиришип, иш-аракетине нааразы болуп, таш бараңга алышкан. Социалдык тармактын өзбек сегментинде 31-майдагы болгон чырда аталган окуянын видеотасмасы тараган.

Жаңжалдан кийин Өзбек премьер-министри Абдулла Арипов барып, сохтуктардын суроо-талабын угуп келген. Ошол учурда премьерге Шухрат Ганиев кызматтан кетсин деген талап коюлганы менен, премьер “бул маселени ойлоп көрөбүз” деп жооп берген.

Шухрат Ганиев эл менен жолугушкан учурда ал жаалданган элге конфликт токтобосо эмнелерди өзбек тарап жоготоорун айткан:

“Менин сөөгүм да, тирүүм да ушул жерде. Бирок бирөө мени таш менен жаман сокту (ушул жерде бир тургун чыга калып, “сиздин жараатыңызга вазелин койсо сакаят, жаракат алган 15 киши эмне кылат?” деп нааразычылыгын билдирген).

Ганиев андан ары сөзүн улап: “Мен жаман болсом дагы, бир чака суумду, бир карыш жеримди башкаларга берип койбоймун. Азыр чек арачылардын, өкмөт өкүлдөрүнүн иштөөсүнө тоскоолдук жаратып жатасыңар. (Эл чуулдап: “Ушул окуяны шылтоо кылып, бизге президенттен коридор сурап, бөлдүрүп бересиз”, - дешти).

Мен эң көп Сох аймагына келемин. Ошондуктан биздин кадырлуулар, жаман нерселерди жасабагыла. (Эл кайрадан: “Сиз келип, кетип калат экенсиз. Маселе чечкен жоксуз. Сиз биздин-элдин тарабында болушуңуз керек”, -деп жаалданышты).

Бул окуядан кийин облустун жетекчиси кетип эл менен жолуккан башка учурда төмөндөгүдөй пикирин айткан.

“Ферганага 74 кишини ала кетейинби же жокпу?.. Эгер ушундай окуя дагы бир жолу кайталанса, мен мындан ары бул жакка келбейм… Ленбургдан (Сох анклавындагы өзбек айылы) ким келди? Биз аны Сох районунун картасынан чийип, камсыздоосуз калтырабыз! Силер бул жерде бизге маселе жаратуу үчүн отурасыңарбы?! Азыр 74 жигитти түрмөгө камап коёбуз, ошону каалайсыңарбы? Бүтүндөй Фергананы шерменде кылган силерсиңер! Буга чейинки кылган кылыгыңарды эстетип коёюнбу? Сохтуктар нашүгүр (шүгүр кылбаган) деген макала даярдатып койгонмун. Ушундай көйгөйлөр кимге керек? Прокуратура, ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, 74 жигит жөнүндөгү маалыматтар даярбы,?", - деди ачууланган чиновник столду ургулап.

Акимдин төмөндөгү сөзүндө биздин бийликке рычаг катары колдоно турган сөз айтылган, көңүл буруңуз: “Азыр жаңжал болот. Сох дарыясында суу азаят. Фергана облусуна, Алтарык, Риштан, Балтак, Коштепаларга суу барбайт. Кийин эмне болот? Ферганадагы башка чоң-чоң шаарлар, райондор Сохтуктарды эмне дейт? Ушул керекпи? 2013-жылдагы 6,7-,8-январдагы окуяларды эстетейинби? Бүтүн Өзбекстанга Фергананы шерменде кылган силер экениңерди эстетейинби?”, - деген Шухрат Ганиев.

Чиновниктин бул кадамы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун мактоосуна татып, төмөнкүдөй пикирин билдиргенин өзбек басылмалары жазып чыгышты.

“Албетте, бир нече күн мурун чек арада болуп өткөн жагымсыз жагдай бардыгыбызды көп нерселерди карап чыгууга, башкача көз караш менен кароого түрттү. Президенттин түздөн-түз тапшырмасы боюнча, мен жетектеген жооптуу бөлүмдөрдүн башчылары кырдаалды иликтөө үчүн бул жерге келишти. Биринчи кезекте, кырдаалды курчутууга Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиев жана башка жетекчилер жол беришкен жок. Тынчтыкты баалоо - бул чоң бакыт”, - деди премьер-министр Сох райондук кеңешинин сессиясында.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында Өзбекстандын төрт анклавы жайгашкан: Сох, Чоң Кара-Калча, Шахимардан жана Таш-Дөбө. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын чегинде тажик анклавдары - Ворух жана Каираган жайгашкан. Эки коңшу республика мезгил-мезгили менен алардын анклавдарына жол ачуу маселесин көтөрүп келишет. Расмий Бишкек мындай өтүнүчтөргө бир тараптуу жооп бербөөгө аракет кылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости