www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда үй иштерине жана балдарды тарбиялоого төрт эсе көп убакыт жумшайт. Тактап айтканда, аялдар бир суткалык убактысынын беш саатын үй тиричилигине жана балдарды тарбиялоого арнашат.

Ал эми эркектер ушул эле иштерге суткасынын 1 сааттан ашык убактысын сарпайт. Аталган мекеме 1649 үй-бүлөнүн 12 жана андан улуу жаштагы бардык мүчөлөрүнүн бир суткалык убактысын кантип колдоноору жөнүндө сурамжылоо жүргүзгөн.

Сурамжылоого катышкандар бир суткалык убактысынын жарымына жакынын уктоого, өзүнө кам көрүүгө, үйдө жана үйдөн тышкары тамактанууга, мончого, чач тарачка, клиникага баруу жана башка муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жумшашат.

Эркектер убактысынын 19% жумушка жана жумушка байланышкан нерселерге жумшайт, бул аялдарга караганда эки саатка көп.

Ошол эле учурда, аялдардын бир суткалык убактысынын 21% жакыны үй чарбасын жүргүзүүгө жана балдарды тарбиялоого жумшалат.

Бул эркектерге караганда дээрлик төрт саатка көп. Аялдардын бош убактысы эркектердикине караганда бир саатка аз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости