www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кейлен Уорд аттуу 20 жаштагы модель айым Австралиядагы өрттөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүнүн түшкө кирбеген жолун тапты. Тагыраагы ал Твиттердеги баракчасына:
“Австралиялык кайсы бир кайрымдуулук фондуна 10 доллардан кем эмес акча которгонун тастыктаган ар бир каалоочу менин “ню” стилиндеги сүрөтүмдү белекке алат”, -деп жазган.
Мына ошол пост жазылгандан көп өтпөй, Кейлен Уордко тастыктоочу жүздөгөн дүмүрчөктөр келе баштаган. Жалпысынан жардам катары которулган акчалардын суммасы 350 миң доллардан ашкан. Убада кылынгандай модель айымдын жылаңач сүрөттөрү Инстаграмм аркылуу бардыгына жиберилген.
Эске сала кетсек, Австралиядагы жаратылыш кырсыгынан 25 адам каза болсо, 17 адам дайынсыз. Оттун кесепетинен 4 млн гектар токой, 1 миңден ашык турак-жай күйүп кеткен. Жарым милиарддан ашык жапайы жаныбарлар өлгөн. Арасында кызыл китепке киргендери дагы бар. Бул жашыл континенттеги күчтүү токой өртү өткөн 2019-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда ал тутанган от континенттин түштүк-чыгыш аймагындагы Жаңы Түштүк Уэльс жана Виктория штаттарына жетти.
Булак: NazarNews.kg