www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бирибиздин бир күндө баарына жетишкен, ийгиликтүү болгон, эс ала билген, спорт залга барып машыгып, үйгө келип тамакты да жасай билген тааныштарыбыз бар. Ал каармандар кантип ийгиликке жетишип жаткандары биз үчүн эң кызык. Биз канча аракет кылсак да, аларга жете албагандай сезиле берет. Бирок, алардан ашып өтө турган мүмкүнчүлүгүбүз өз колубузда бар. Болгону аларды туура пайдалана билбейбиз. Биз бүгүн, мына ушул теманын айланасында сөз кылып, дүйнөгө белгилүү жылдыздар көп нерсеге кантип жетишээри тууралуу кеп кылабыз! Анда, төмөнгө көз жүгүртүңүз!

1.Алаксыбаңыз!

Кандай гана иш баштасаңыз, аны сөзсүз аягына чыгарыңыз! Өзүңүздү марафондо чуркап бара жаткандай элестетиңиз да, финишке жеңиш менен келе тургандай болуңуз. Мына ошондо гана ийгиликке 100 пайыз жете аласыз!

2. Көп тапшырмадан качыңыз!

Электрондук дарек, Instagram, Facebook, көңүлдүү роликтер- сизди артка тартышат. Алар силердин компьютериңирде ар дайым ачык болгондуктан, кызыктыра берет. Бир ишти баштаганда аны аягына чыкканга чейин социалдык тармактарга баш бакпаңыздар! Анан да эң маанилүүсү өзүңүздүн башыңызга көп түйшүктү, тапшырманы коюп алуудан качыңыздар. Себеби, алардын бирин аткарсаңыз, бири аткарылбай унутта калат.

3. Кесиптештер менен тыныгууну унутуңуз!

Элестетиңиз: сиз бир долбоор менен иштеп жатасыз дал ошол маалда кесиптешиңиз келип анын жасаган ишине пикир айтып коюуңузду өтүнөт. Сиз макул болуп, ага жакшы пикирлерди айтасыз. Сиз үчүн ал нерсе эч нерсени жоготпогондой туюлат. Бирок, сиз кесиптешиңизге минимум 20 мүнөт арнайсыз. Ийгиликтүү адамдар өзүлөрүнүн убактыларын баалашат. Бекеринен көпчүлүк башчылардын өз бөлмөлөрү болбосо керек. Сизге адамдар тоскоолдук болбошу үчүн өзүңүзгө ыңгайлуу жабык жерди тандап алып иштегениңиз оң болот.

4. Активдүү адамдар менен айланаңызды толтуруңуз!

“Эгер сен өз тобуңда акылдуу болсоң, анда сен туура эмес топтосуң” деген кепти уксаңыз керек. Бул кеп да ийгиликке жетүүдө абдан маанилүү. Айланаңызды ийгиликтүү, активдүү адамдар болушуна аракет кылыңыз. Тааныштарды күтүңүз, ишенимдүү адамдар менен достошуңуз.

Мисалы, Бейонсе Опра Уинфри, Барак Обама менен достошот. Ал айланасын ийгиликтүү, акылдуу, активдүү адамдар курчап, бийик деңгээлге көтөрүлүүдө.

5. Негативдүү эмоциялардан качыңыз!

Эгер сизде негативдүү, таң калыштуу, ушак-кептер коштолгон ойлор болсо, анда алардан тезинен арылыңыз! Мындай нерселер сиди абдан артка тартат да, алдыга умтулууга жол бербейт. Ийгиликтүү адамдар өзүлөрүнүн эмоцияларын контролдой билишет. Эмоцияны контролдой билүүгө жеңил машыгуулар жана йога жардамга келет.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости