www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-апрелде ИИМдин алдына элүүдөн ашык бей өкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, укук коргоочулар чогулушту. Алар, маркум Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу акыйкат чечим чыгып, күнөөлүүлөр жазалансын деген талап коюшту. Нааразычылык акциясына чыккандарга аталган кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканы, кылмышка тийешеси барлар колго түшүп, камакка алынганы түшүндүрүлдү. Бирок, нааразы болгон талап, максаттары ал гана эмес, ИИМ министрин кызматтан кетирүү экенин айтышты.

Нааразычылык акциясына чыккандар, Айзада Канатбекованын өлүмүн шылтоо кылып, ЛГБТ өкүлдөрү жана бей өкмөт уюмдар жеке кызыкчылыктары менен чыгып жатканы социалдык байланыш тармактарында айтылды.

Калыбек Жапаров аттуу интернет колдонуучу, ИИМдин алдына бейөкмөт уюмдары жана ЛГБТ коому чыга турганын бир күн мурда кабарлаганын, анын айтканындай эле сексуалдык ориентациясы өзгөчө адамдар чогулганын айтып, салыштырган сүрөттөрү менен чыгарды.

«Кечээ пост жаздым эле. «Эртеӊ, Айзаданын өлүмүн шылтоо кылып ЛГБТ коому митинг уюштурат экен” - деп. Ал постума, алардын коомунун лидерлеринин бири Улан Үсөйүн пикир жазып, «жалган айтып жатасыз» деп мени тилдеген. Мен эч качан жалган айтпайм жана бүгүн менин айткандарым дал келгенин белгилеп койгум келди. Барын тартып алганга жетишкен жокмун, бирок мурдатан ачык эле өзүн гей экенин пропаганда кылып келген жана кыргыздын каада-салтына ылайык келбеген жүрүм-туруму барларды бүгүнкү митингде жүргөнүн, жана активдүү катышканын көрдүм. Эл, силер калыс баа бергиле. Ушундай топтор, качанкыга чейин биздин тынчыбызды ала берет? Жетишет го?!», - деди Жапаров.

Чогулган бейөкмөт уюмдарынын мүчөлөрүнө каршы 500дөн ашык мекенчил күчтөр, жаштар жана бир катар коомдук ишмерлер келип, алардын иш-чарасын токтотуп, өздөрүн кууп салышты.

«Буга чейин чыдап келдик, сабыр кылдык. Бейөкмөт уюмдар каалаганын кылып, мамлекеттин тынчтыгына шек келтирип, ар кимди ашкере каралоого өтүп алышты. Мыйзамсыз жана агрессивдүү кадамдарга өтүп кетишти. Эми убакыт келди, биз дагы өз көз карашыбызды айтып чыктык.

Эгерде, НПО жана ЛГБТ өкүлдөрү дагы митинг кыла турган болсо, биздин улуттук нарк-насилдерибизди тебелеген идеологияларды жайылтса, анда карап турбайбыз. Бүгүн сыйлоо менен таратып жиберсек, кийинки жолу башка чараларды көрөбүз», - деди бейөкмөт уюмдарга каршы митингдин катышуучулары.

Эскерте кетсек, ИИМдин алдына 70ке жакын адам чогулса, аларга каршы 500дөн ашуун адам келди. Кагылышуу болгон жок, митинг тынч тарап кетишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости