www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин ыкчам кызматкерлери адам уурдоого шектелген адамдарды кармоо үчүн атайын операция жүргүзүштү. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Ушул жылдын июнь айынын башында Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери белгисиз адамдар Бишкектеги базарлардын биринде мурда соттолгон адамды өч алуу максатында уурдап кетишкендиги жөнүндө оперативдүү маалымат алышкан. Кармоо операциясы Сокулук районунун Күн-Туу айылына жакын жерде жүргүзүлдү. Ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмыш жасалган жерди иликтеп чыгышкан жана алар кылмыш жасап жаткан учурда колго түшүшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын тургундары болгон төрт жаран кармалган, алардын бардыгы мурда бир нече жолу соттолгон. Алардын бири Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Уурдалган жарандын денесине оор зыян келтирилгендиги аныкталды.

Мындан тышкары, эсептешүү (разборка) учурунда оор кылмыш жасоо ыктымалдыгы жогору болгондуктан оперативдүү кызматкерлер тынч жана ыкчам иш алып барууга аракет кылышкан.

Бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси боюнча "Уурдоо" беренеси боюнча КЖБРге катталган.

Ушуга байланыштуу, Милициянын криминалдык кызматынын кызматкерлери Ленин РИИБинин кызматкерлери менен биргеликте бул кылмыштын бетин ачууга жана алдын алууга багытталган ыкчам иш-чараларды жүргүзүштү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш кастык мамилелерден жана башка себептерден улам жасалган. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Учурда бардык жагдайларды аныктоого жана укукка каршы иш-аракеттерге катышкандарды жоопкерчиликке тартууга жана кылмышкерлерди аныктоого багытталган сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости