www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Mazda Demio автоунаасы менен бара жаткан мас айдоочу Горький көчөсүндө жол оңдоп иштеп жаткан жумушчуну койдуруп кетти. Бул туурасында милициянын кайгуул кызматы кабарлайт. Кырсык болжол менен саат 01:55 чамасында болгон. Mazda Demio автоунаасын 20 жаштагы И.Б. аттуу жарандын айдап бара жатканы айтылды.
Трагедиялуу окуянын сүрөттөрү менен видеосу активист Болот Ибрагимовдун Telegram каналына жарыяланган.
"Айдоочу Горький көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан. Айдаралиев көчөсү менен кесилишкен жерде жолдун оңдолуп жатканын эскерткен белгиге карабай, мас айдоочу ошол жерде иштеп жаткан 27 жаштагы Т. Ы. аттуу жумушчуну ("Аргын-Курулуш" компаниясында эмгектенген) койдуруп кеткен", — деп айтып беришти Кайгуул милициясынан. Жумушчу ошол жерде каза болгон.
Автомобиль айып короого токтотулуп, айдоочу Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматына жеткирилип, экспертизалык иштер уланууда. Кайгуул милициясы коомчулукка жолдон мас айдоочуну көрүп калгандарды 102 кызматына же 0(509) 102 122 номерине кайрылып, кабарлап коюуну суранат.
Булак: NazarNews.kg