www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2018-жылдын 20-июнь күнү Бишкектеги “Динамо” спорт аянчасында кызмат учурунда курман болгон Чыныбек Алиевдин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча ИИМдин мелдеши башталды. Мелдештин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдинКесиптик жана дене-тарбиялык даярдык башкармалыгынын башчысы Төрөкул Мадалиев, Чыныбек Алиевдин жубайы Дилбар Алиева жана уул кыздары, ошондой эле ИИМдин бөлүмдөрүнөн келген командалар катышты.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин атынан Чыныбек Алиевдин жакындарына жакшы сөздөрүн айтып, генералдын кылган эрдиктерин эскерип кетти: -“Урматтуу биздин кызматкерибиз Чыныбек Алиевдин туугандары жана жакындары. Бүгүн биз кызмат учурунда курман болгон Чыныбек Алиевдин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүп жатабыз. Эли жери үчүн ак кызмат кылып, өз өмүрүн тобокелге салып, элдин тынчтыгы үчүн өз өмүрүн аябаган эр жүрөк кызматкерибиз менен сыймыктанабыз. Ал эң мыкты милиция кызматкери болчу. 2004-жылдын 5-майында кылмышкерлердин колунан каза болду. Чыныбек Алиев кызматтык ишмердүүлүгүндө ар кандай жетекчилик кызмататрда: ИИМдин Кылмыш издөө башкы башкармалыгынын башчысы, Ош шаардык ИИБнин башчысы жана башка кызматарда иштеген. Чыныбек Алиев мекен үчүн өз өмүрүн аябаган эр жүрөк кызматкер болчу. Биздир арабызда жок кызматкерлердин жаркын элесин ардактайбыз, ал эми спортчуларга ийгилик каалайм.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Булак: NazarNews.kg