www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдөгү эң ири "Адамзаттын саякаты" деп аталган картинасы Дубайда өткөн аукциондо 62 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Британиялык сүрөтчү Саша Джафри тарткан сүрөт 1,5 миң чарчы метрден ашуун аянтты ээлейт. Сүрөттүн көлөмүн төрт баскетбол аянтчасы менен салыштырууга болот.
Сүрөт 70 бөлүктөн турат. Алгач аны аукциондо бөлүктөргө бөлүп сатуу пландаштырылган. Бирок, аны бүтүнү менен Дубайда жашаган жана криптовалютага адистешкен компанияны жетектеген француз Андре Абдун сатып алган.
Аукциондун уюштуруучулары киреше күтүлгөндөн эки эсе көп болгонун белгилешти. Каражаттын бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшоо пландалууда.
Reuters: Artwork from world's largest canvas painting sells for $62 million in #Dubai. https://t.co/5mF5sd4of8@DubaiCares pic.twitter.com/5ZvTwtmMkL
— Dubai Media Office (@DXBMediaOffice) March 23, 2021
Джафри тарткан "Адамзаттын саякаты" сүрөтү Гиннесстин рекорддор китебине эң ири сүрөт катары киргизилген.
Булак: NazarNews.kg