www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-январда министрдин орун басары М.К. Есеналиевде Дүйнөлүк банктын «Финансылык секторун өнүктүрүү» долбоорунун «Кыймылдуу мүлктүн жана карыздык талаштарды жөнгө салуу системасын модернизациялоо» 3 компонентти ишке ашыруунун алкагында «КМТУБМР» АМТнын модернизацияланган программасынын бет ачары өткөрүлдү.

Презентация IT-адиси Б.Мамбетовдун, өнүктүрүү эксперти Э.Мамытбековдун, юрист-консультанты А.Джаркынбаевтин жана күрөөлөрдү каттоо бөлүмүнүн башчысы А.С.Хафизованын катышуусу менен жасалды. Презентация процессинде министрликтин кызматкерлеринин катышуусуз автоматтык режимде «Күрөөлөр боюнча онлайн көчүрмөлөрдү берүү» «КМТУБМР» АМТнын функциясына басым жасалган.

Ошондой эле, VISA/MASTERCARD/MAESTRO төлөмдөрдү электрондук карталар, «Элсом» электрондук капчык, жана «Демир Кыргыз Интернэшнл банктын» менен «Кыргызстан» Коммерциялык банктын банк ичиндеги котормолор аркылуу кабыл алуу функциясы ишке киргизилди.

Ал эми «Инфо-система» мамлекеттик ишканасынан, Pay24 төлөмдөрдү кабыл алуу терминалдар, «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк», Коммерциялык банк «Кыргызстан», КИКБ (KICB) онлайн банкинг, «Элсом» электрондук капчык онлайн тутумдар аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча E-pay төлөм сервиси толукталып иштелип чыккан. Жогоруда көрсөтүлгөн функцияларды киргизүү калктын жана кызыкдар адамдардын кыймылдуу мүлк күрөөлөрүн каттоо жаатында көрсөтүлгөн кызматтарды алуусун жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө 2020- жылдын 17-декабрындагы УП № 64 жарлыгын аткаруунун алкагында аткарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости