www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бүгүн, 1-февралда Кыргызстандын атуулу Азимбек Бекназаров кыргызстандыктарга чукул Кайрылуу жасады.

Мен айтпасам, ким айтат!

Байыркы жоокер-көчмөн кыргыз элинин дагы бир жаңы тарых барагы 2020-жылдын октябрь айындагы бийлик алмашуулардан кийин башталган. Жакында же 2021-жылдын 28-январында, ал жаңы тарыхыбыз эми ЖАПАРОВ деген ысым менен бирге жазылаары биротоло бекитилди. Жакынкы арадагы элдин, мамлекеттин тагдыр-турмушуна байланыштуу оор жүк, милдеттерди ал өз мойнуна алды!

Ушуга байланыштуу кыргыз элимди кезектеги жаңы тарыхын өзү жаратып, жаңы президенттүү болушу менен куттуктайм! Ал эми жаңы президентибизге, элибиз аныктаган жаңы Кыргызстанды (Президенттик башкаруудагы) жаңы тепкичтерге көтөрүп, кыргыздын коломтосун өчүрбөй, улуттук кайра жаралуу багытында, кажыбас кайрат менен, талыбас ден-соолукта болуп, өз элине карата чексиз мээримдүү, күйүмдүү, көтөрүмдүү, жана айкөл болушун ага каалайлы жана жалгыз бир жараткандан аны тилейли! Элге берген убадаларын, антын ыйык аткарышы үчүн АК ЖОЛ дейли!

УРМАТТУУ ПРЕЗИДЕНТ!

Байыртадан өлкө, улут тагдырына байланыштуу көйгөйлүү маселелер кайрадан каралып жатканда, кайдыгер эместердин буга ээлеген кызматына, социалдык абалына карабай, өз пикирин ачык билдирүүсү, анын атуулдук парзы катары кабыл алынган. Мен дагы өз атуулдук парзымды аткарып, сиздин көңүлүңүздү төмөндөгү маселелерге бургум келет:

БҮГҮН САЯСАТ, ЭРТЕҢ ТАРЫХ...

2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун таза эмес өткөнүнө байланыштуу элдик нааразылыкты «пайдалана билүүнүн кесепетинен» Ак үй «эл тарабынан» алынып, бийлик бутактары иштей албай калгандын натыйжасында, бийлик алмашуу легитимдүү жолдор менен толук ишке ашырылды. Бул де-юре жана де-факто талашсыз чындык. Бирок ошол күндөн ушул күнгө чейин, эл ичинде, саясатчылар арасында, ал түгүл эл аралык деңгээлдерде, ал тарыхый окуялар жөнүндө ар кандай сөздөр, ой пикирлер көп айтылууда... «Ак үйдү мен алдым», «үчүнчү революцияны мен жасадым», «түрмөдөн тигини, муну мен минтип чыгардым», «элди аянтка мен чыгардым, тигил жактан ташып келдим», «С.Жээнбеков бул себептен арызын жазууга аргасыз болду», «революцияны бакиевчилер жасады», «Максимдин долбоору», «атамбаевчилер жасады», жана башка ушундай өйдө, ылдый, карама-каршылыктуу сөздөр абдан көп. Эми «октябрь баатырлары» пайда болду. Эртең Атамбаев же башка бирөө, кантип «Сокени» Ак үйгө киргизбей, бийлигин кулатканы боюнча кино тарттырып, жазып чыкпайт деп ким кепилдик берет?! Бүгүнкү көчөдөгү сөздөр, эртеңки биздин тарыхыбызга айланабы? Мен ушул маселе боюнча, президенттин милдетин аткаруучу жана спикер Т.Мамытовго атайын мамлекеттик же парламенттик комиссия түзүп, бул тарыхый окуяны ар тараптуу иликтетүү боюнча эки жолу расмий кайрылдым. Бирок атайын комиссия түзүлбөдү, расмий иликтенбеди!? Тарых ар тараптуу иликтенип, такталып, расмий жазылбады!?

Азыр да кеч эмес, ошондуктан сизге өз Жарлыгыңыз менен атайын комиссия түзүп, иликтетип тарыхты бурмалатпоого жол бербеңиз деп кайрылып жатам. Расмий иликтөөнүн жыйынтыгы жок туруп, азыр жоопко тартылып жаткан К.Асановдон да өтүп, Сокени тирүү «өлтүрүп» бийлигин басып алышып, чет өлкөгө чейин жар салгандар кылмыш жообуна кантип тартылсын? Же 5-9-октябрда нечен ирет жолугушуп, Координациялык Кеңеш түзүшүп, бийлик бөлүштүрүшүп, анан өлгөн атасы тирилип келгендей “Форумга” Атамбаевге чейин барышып, Бабановду бийликке олтургузуу үчүн Ак үйдү көздөй жүрүш кылгандардын аракетине кантип саясий баа берилет? Келечек, муун чындыкты эмне менен салыштырат? Тарыхка кантип киргизилет, кандайча окутулат? Же адатыбызча фальсификацияланган тарыхты окутабызбы? Ар кимдин өз чындыгы болот. Мен да эгемен Кыргызстандын тарыхын башынан «Мен кыргызмын» деген ат менен саясаттын, тарыхый окуялардын ичинде жүргөн адам катары, өз көргөн-билгенимди кийинки муундар үчүн жазып жүргөнүмдү улантып, октябрь окуялары боюнча, өзүмдүн жеке иликтөөмдү 8-октябрда эле баштагам. (2020-жылдын 8-23-октябрына чейин Бишкекте болуп, көптөгөн «октябрь баатырлары», саясатчылар менен жолукканымды жакшы билесиз). Тыянагымды жакында чыгарам. Көптөгөн «революционерлерге», «октябряттарга» жакпай калышы мүмкүн. Күндөн-күнгө октябрь революциясынын авторлору да көбөйүүдө. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш дечи. Бирок, чындык баарынан жогору..., - дейт Кыргызстандын атуулу Азимбек Бекназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости