www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбековго оор кылмыштын бетин ачкандыгы үчүн Кыргызстандагы «Менора»  Еврей маданият коомунан ыраазычылык кат келип түштү. Еврей маданият коомунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын Биринчимай райондук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлерине терең ыраазычылыктарын билдиришип, адам өлтүрүү кылмышынын бетин ачууга салымын кошкон кызматкерлердин бардыгын сыйлоосун суранышкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Биринчимай РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жетекчилигине жана ыкчам кызматкерлерине кесипкөйлүгү, кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жана өз ишиндеги натыйжалуулугу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет, бул аракеттердин натыйжасында кылмышкерлер кармалып, кылмыштын бети ыкчам ачылды. Укук коргоо органдарынын кесипкөй иши биздин мамлекеттин кадыр-баркын көтөрүп, ишенимин арттырат" – деп жазат Кыргызстандагы «Менора»  Еврей маданият коомунун төрагасы, Кыргызстан Эл Ассамблеясынын Кеңешинин мүчөсү В.С.Крицман.

Криминалдык милиция кызматынын коомдук резонанска айланган кылмыш ишинин бетин ачуу боюнча   ийгиликтүү ишинин мисалы катары  бир нече адамдын өмүрүн алган кылмышкерди тактоо жана кармоо боюнча татыктуу ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү болуп эсептелет. 

2020-жылдын декабрь айынын аягында кылмышкер башка бирөөнүн мүлкүн басып алуу максатында Бишкек шаарында жайгашкан батирлердин бирине алдамчылык менен кирип еврейлер общинасынын мүчөсү – А.Каганды бычактап, банктык карточкасын алып качып кеткен. Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча тергөө амалдары жүргүзүлгөн. 

Милиция кызматкерлери тез арада шектүүнү аныкташып, ал жаран өзүнүн кылмышка тиешеси бар экендигин башка жакка бурганга аракет кылган, бирок анын киши өлтүрүүгө тиешеси бар экендиги далилденген.
Андан тышкары, тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн дагы бир өзгөчө оор кылмышка - Чүй облусунун Сокулук районунда улгайган аялды өлтүрүүгө тиешеси бар экендиги аныкталды. Ал аялдын жоголгондугу былтыр күздөн бери маалымдалган. Көрсө, кол салган адам далилдерден кутулуу үчүн сөөктү ээн жерге алып барып, күйүүчү майды куюп өрттөп жиберген.

Мурда соттолгон жана эки адамды өлтүрүүгө шектелген 1980-жылкы жаран Ш.И.  карата тергөө материалдар жакын арада сотко өткөрүлүп берилет. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен  кылмыштарды ачууда, кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы жана жогорку натыйжаларга жетишүүдө көрсөтүлгөн кесипкөйлүүлүгү үчүн Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБнин Криминалдык милиция кызматынын бир катар ыкчам кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланды.

Бүгүн, 2021-жылдын 1-февраль күнү Биринчимай РИИБнин аянтчасында салтанаттуу түрдө төмөнкү сыйлыктар таштырылды: РИИБдин төрт ыкчам кызматкерине “Каармандык” медалы, “Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл”, “Мыкты кызматкер” төш белгиси, ардак грамота жана ыраазылык баракчасы.
Сыйлыктар Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБинин жетекчилиги тарабынан тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости