www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда үчүнчү революция болуп, 6-президентти шайладык. Бул жолку шайлоодо Кыргызстанга Батыштын таасири кандай болду? Алардын максаты эмне? Президенттик шайлоонун алдында да, кийин да майда митингдер болду жана болууда... Алардын артында ким турат? Мына, ушунун тегерегинде сөз кылмакчыбыз. 

Тарых илимдеринин доктору, профессор Айдарбек Көчкүнов айткандай,  революция жөн жерден чыкпайт, сырткы күчтөрдүн шыкагы менен төңкөрүш болот. "Негизи бардык эле революция - трагедия. Трагедиясы жок тарыхый окуялар болбойт" деп тарыхчыбыздын айтканы ачуу чындык. Трагедияны кимдер жасайт? Албетте, кызыкдар адам жасайт. Алардын максаты жана масштабы болот. Ошондуктан революция кокустан эле пайда боло калбайт. Революцияга алып келүүчү өбөлгөлөр бышып-жетилген соӊ болот. Ага бир катар себеп болот, алсак: экономикалык, саясий, социалдык кризис чыңалып, анан революциялык кырдаал түзүлөт. Чынында, революцияда тышкы фактор чоӊ таасир этет. Тышкы факторлор: батыш өлкөлөрүнүн, айрыкча АКШнын “либералдык демократиясынын” таасири менен “батыш баалуулуктарынын экспорттолушу”, Кыргызстандын тышкы карыздарынын өсүшү, финансылык жардам күтүү психологиясы (мамлекеттик деңгээлдеги тилемчилик), өлкөнүн ири мамлекеттердин геосаясаттык “чоң оюунун алкагында калышы”, заманбап ааламдашуу жана регионалдашуу (глобализация и регионализация) процесстеринин Кыргызстанга тийгизген кесепеттери, тышкы миграциянын болуп көрбөгөндөй жайылышы жана башкалар.

Мисалы, 2005-жылкы революцияда АКШнын таасири тийгени, 2010-жылкы революцияда Орусиянын таасири көмүскөдөгү чечүүчү эмес “үчүнчү күч” катары кабыл алынганын саясий серепчилер, тарыхчылар айтып чыгышкан. Бул ачуу чындык.

Эгемендүүлүк алганыбызга быйыл 30 жыл болот. Ушул жыл ичинде 5 мамлекет башчылуу болдук, бирок, Кыргызстан оӊолгон жок. Бардыгы эле өз кызыкчылыгын көздөп, элдин эмес, өз жашоосун оӊдоп, Кыргызстанды карызга батырып кетти. Кудайга жакпаган ишти кылган үчүн үч президент  ар кандай тагдырга туш болду. Аскар Акаев бийликте 15 жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн бийликтен кетүүгө, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийинки президент Курманбек Бакиев да үй-бүлөлүк башкарууга жол бергендиги үчүн эл нааразы болуп, аны тактан кулаткан. Ал дагы үй-бүлөсү, бир туугандары менен Белоруссияга качып кеткен. Андагы революцияда 87 бейкүнөө адам окко учуп, ал кандуу күн тарыхка кара тамга менен жазылып калды. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин, Убактылуу өкмөттү Роза Отунбаева жетектеп, ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалып, "самозванка" аталган боюнча калды. Отунбаеванын Батышка аябай таасирленип, бир нерселерди уюштуруп жиберээрин бардыгы эле жакшы билет. Мына, жакынкы эле шайлоодо эл жакшы тилек менен шайлоого барып жатса, Отунбаева "кырсык шайлоо" деп Атамбаевдей болуп балп деди. Сыягы, ал андай сөздү Батыштын таасиринен улам айтты окшойт. Тынчтык жолу менен бийликти табакташ болгон Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Атамбаев 6 жыл отуруп, хан сарай салды. Азыр абакта. Бийликтен жөн кетпей, тактыны досу Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берип кетти. Жээнбековду да эл бийликтен кетирүүгө аргасыз кылды.

Мына мунун баарын эмнеге айтып жатабыз. Анткени бул тарыхый трагедия. Трагедияны бийлик башындагылар өздөрү жасады. Себеби, алардын баарынын башында тышкы күч турат. Ошолор саясатчылар сценарий жазып берет, анан алар аны аткарат. Атүгүл мыйзамдар жазылып келет. Батыштын акчасына жазылган мыйзамдар бар. Аны деле эл билип калып, Парламенттик эмес, Президенттик башкарууну тандап алышпадыбы. Ошон үчүн Батыштын максаты ишке ашпай калган үчүн майда барат митингдер болуп, "Реакция" аталыш менен жаштар чыга калууда. Алардын артында ким турат? Албетте, атактуу саясатчылар турат. Америкадан каржылангандардын аттары аталып эле жатпайбы: Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Равшан Жээнбеков, Азиза Абдрасулова, Токтайым Үмөталиева. Равшан Жээнбеков "лезбиянка, голубойлорду" колдоп көчөгө чыга калып, "голубой" атка конгон боюнча калды. Дайыма эле акчам жок деп какшап келет, бирок, анысы айтканына дал келбей калууда. Телевидениеси бар, президенттикке ат салышты. Клара Сооронкулова да "Реформа" деп партия (партиясында Рита Карасартова бар) түзө калып, парламенттик шайлоого катышты. Анан президенттикке талапкерлигин койду.

Демек, буларды Америка каржылайт. Батыштын долбоору менен түзүлгөн  "Реакциянын" артында да ушулар турат. Анткени дайыма колдоп чыгышат. Ошон үчүн жаңы бийликтин сунушу менен жазылган Конституцияны жээрип, коомчулукта колдоо таптырбастын аракетин көрүп, реакция кылымыш болуп, “Реакция” митингдердин күн ара уландысын кылып, “Ханституцияга каршыбыз” деп Кыргызстанга күйүп жаткандай түр көрсөтүп, референдумга каршы пикирлерди айтып чыгышты.  Тагырагы, Американын саясатын жүргүзүп, президенттик башкарууга каршы чыгууга элди жапырт үндөөнүн аракетин көрүштү. Бирок, эл  Америка Кыргызстанды  башкарып алууну көздөп жатканын билип калып, шайлоодо өз тандоосун жасап, парламенттик башкаруудан баш тартышты.

Геосаясат кызыкчылыгы...

Эми геосаясатка келсек, Кыргызстан Борбордук Азиядагы мамлекеттердин чок ортосунда жайгашкан географиялык, регионалдык таасири күчтүү мамлекеттердин бири. Бир жагынан Кытайга жакынбыз. Экинчи жагынан Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга чукулбуз. "Орто Азиянын чок ортосунда турган демократиянын аралчасы" деген чакан мамлекетпиз. Ошон үчүн Америка биздин ички ишибизге кийлигишип, дүйнөгө таасир этүү аракетин дайыма көрүп келет. Анткени, бизди өздөрүнө тартып алса, башка мамлекеттерди биздин мамлекет аркылуу багынтып, максаттарына жеткенге жол ачылат. Мына, Американын эӊ башкы, негизги максаты ушул. Ушуну ишке ашыруу үчүн жан үрөп, шайлоолордо пайдаланып калуунун аракетин көрүшөт. Мына жакында эле шайлоону мисалга алсак, “Азаттык”, “Клооп kg” сыяктуу маалымат булактары аркылуу жаңы бийлик тууралуу  жана даярдалып жаткан Конституция боюнча терс маалыматтарды байма-бай берип, эл менен бийликтин тымызын тирешин күчөтүүгө аракет кылышты. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ал тилектери ишке ашпай калды.

Баса, Американын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү аракетин “Азаттык” Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун жана Американын мамлекеттик катчысы Пампеонун көрсөтмөсү менен Райымбек Матраимов тууралуу изилдөө жасаганда дагы ачыкка чыкты.

Ошондой эле шайлоодо негизги талапкерге тымызын каршы чабуулдарды уюштурушту. Алар каржылаган басылмалары аркылуу болушунча терс маалыматтарды бердиртип, кыргыз саясатын өздөрү каалагандай нукка бурганга аракет кылышты. Америкага таянган айрым талапкерлер да коомчулуктун көңүлүн өз программасына эмес, Садыр Жапаровду каралоого бурду. Атаандашына ашыкча доомат коюп, жамандашты. Ошондон улам, эл арасында: "Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровду ченебей каралап, камала турган болгондо Америкага качып кетет. Анткени ал мурун "Сорос" фонду менен кызматташкан. Анан ага "саясий куугунтук" деген нерсе керек болууда. Ушундай шылтоо менен чет өлкөдөн баш паанек сурайт, анан алар берет. Ошентип Сегизбаев Кыргызстандан качып кетет",- деген кеп желдей тарады. Бул чындык. Сегизбаев дал ушуну эле көздөдү. Ал деле президенттик шайлоого жөн аттанган жок, максаты болду, бул биринчиден. Экинчиден анын акчасы жок болчу, ага чейин "акчам жок" деп бир байкуш болуп жүргөн, анан эле: "Президент болом, президент болсом элди багам" деп эле чыга келди. Элди кызматта турганда Атамбаев экөө бакпайт беле?! Алты жыл эмне кылышты?..

Ошондой эле, “Мөл Булак" кредит компаниясынын ээси Бабур Төлбаевдин да  президенттик шайлоого аттанганы коомчулукта кооптонууну жаратканы ачык эле айтылды.  “Мөл Булак”, “Финка” жана башка кредиттик компаниялар Батыштан каржыланып, иш  баштаган. Алар Орто Азия менен Кыргызстанды жардыра турган тышкы саясаттын стратегиялык куралы",-деген пикирлер айтылды. Алар канчалык жашырганы менен ушинтип эле чындык чыгып калат. "Чындык мен тарапта" деп келаткан саясатчы Өмүрбек Текебаев менен оозуна алы келбей, ар нерсени сүйлөп жиберген Роза Отунбаева да Кыргызстанга кооптуу.

Кыскасы, Америка каалаган талапкерин бийлик башына алып келүүгө аракет кылып, үгүт учурунда түрдүү амалдарды жасаса дагы Кудай колдоп, Кыргызстан өз тандоосун жасады. Шайлоодо эл каалаган талапкер маарага келди, Садыр Жапаров ийгиликке жетти.  Анан айласы кетип, шайлоонунун жыйынтыгын таанып, жаӊы президентти жеӊиши менен  куттуктоого аргасыз болушту.

Бирок, дагы эле болсо Батыштын саясатын тымызын ишке ашырууга аракет кылган, башаламандыкты уюштурууну каалаган топтор бар. Алар шайлоонун жыйынтыгынан шек санаган, жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн ар түрдүү маалыматтарды чыгарып, коомдук пикир жаратуунун аракетин көрүшүүдө. Бирок, кыргыз элимдин көзү ачылды, ага жол бербей, өз тандоосун кылды. Жаӊы бийликке ийгилик каалап, ак жолтойлуу ажо, жемишин алып келген жыл болсун дейли!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости