www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министри Улан Ниязбеков 2021-жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоого байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кызматкерлердин саламаттыгын сактоо багытындагы ишмердүүлүктү күчөтүү боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
"Улан Ниязбеков алдыда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоонун бардык жагдайларына токтолду. Шайлоого даярдануу учурунда мыйзамдуулукту сактоону, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоону, коомдук тартипти сактоону, шайлоо тилкелеринде шаймандары менен кайтарууга алууну, шайлоо тилкелеринде шайлоо бюллетендерин жеткирүү коопсуздугун бекем сактоону да тапшырды. Ал ошондой эле шайлоодо добуш сатып алууну, административдик ресурсту колдонууну жана шайлоо мыйзамдарын бузууну алдын алып жана ага бөгөт коюу максатында иш-чараларды колго алууну жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүүнү дагы тапшырды", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министр сегиз тапшырма берди. Алар:
Учурда шайлоону таза жана жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча ИИМ менен БШКнын кызматкерлери координациялык топто ишмердүүлүгүн башташты.
Онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен милициянын жогоруда аталган багыттарына байланыштуу кошумча пландар иштелип чыгып, аны аткаруу боюнча иш пландар белгиленди.
Булак: NazarNews.kg