www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 22-апрелинде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 30 жылдыгы белгиленди.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин БМЖКККнын начальниги Уланбек Султанов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, начальниктери, эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү жана ИИМдин БМЖКККнын өздүк курамы катышты.

Баңгизаттарга каршы күрөшүүчүлөрдү БУУ БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин башчысы Селезнев Андрей, Европа бирлигинин «EU-ACT» долбоорунун жетекчиси Хосе Мате, Европа бирлигинин «КАДАП-7» Программасынын жетекчиси Эрнесто Робелло, ошондой эле ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, ИИМдин БМЖКККнын ардагери, Жогорку Кеңештин депутаты Рысалиев Зарылбек жана ардагер Зеличенко Александр куттуктады.

Ички иштер министрлигинин буйругу менен Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлери, ардагерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле маркум А. Алиевдин жубайы М. Алиева ведомстволук медалдар менен сыйланышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости