www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда «Кумтөр иши» боюнча камалган депутат Асылбек Жээнбековдун эки жүздөн ашуун тарапташы митингге чыкты.
Алар Асылбек Жээнбековду камактан бошотууну, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылууда.
«Ал ушунча жыл так иштеп, эки жолу спикер болду. Кумтөр Акаевдин учурунан бери келатат да», - деди митингге чыккандардын бири Тентимиш Токторов.
Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал Кумтөргө байланыштуу 31-майда эки айга камакка алынды.
Атайын кызмат бир нече аткаминерлерге Кумтөр ишинен улам айып койду.
Козголгон кылмыш ишинин негизинде 31-майда Асылбек Жээнбековдон сырткары, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул ишке байланыштуу күбө катары көрсөтмө берип чыккан.
Булак: NazarNews.kg