www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - «Каравандын» ижарачылары дагы митингге чыгышты

«Караван» соода борборундагы ижарачылар бүгүн, 1-февралда дагы митингге чыгышты. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине акциянын уюштуруучулары билдирди.

Маалыматка ылайык, Өкмөт үйүнүн алдына чогулушкандардын 2 талабы бар. Алар «Караван» соода борборун электрондук соодадан чыгаруу жана алар менен ижара келишимин түзүү менен жарандык укуктарын коргоону талап кылууда.

Белгилей кетсек, «Караван» соода борборундагы ижарачылары буга чейин Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашкан.

Эскерте кетсек, «Караван» соода борборундагы ижарачыларынын нааразычылык акциялары буга чейин да бир нече жолу өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости