www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-мартта КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы, анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлине канааттангандыктарын билдирип, ар кандай тармактардагы кызматташтыктын прогрессивдүү өнүгүүсүн белгилешти.

Ошону менен бирге, тараптар өз ара аракеттенүүнү соода-экономикалык, инвестициялык жана туризм чөйрөлөрүндө мындан ары кеңейтүү зарылдыгына көңүл бурушту.

Кыргыз-Сауд мамилелерин чыңдоого кошкон жеке салымын баалап, министр Казакбаев элчи Ал-Жуманы "Данакер" ордени менен сыйланышы менен куттуктап, ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди жана ден соолук каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости