www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кызыл алманын" режиссёру Төлөмүш Океев жана кызуу иштеп жаткан киночулар.

СССРдин эл артисти, атактуу режиссёр Төлөмүш Океев 1975-жылы башка советтик киночулар сыяктуу эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына кайрылып, аңгемесинин негизинде "Кызыл алма" тасмасын тарта баштаган.

Кызыл алманын режиссёру Төлөмүш Океев жана кызуу иштеп жаткан киночулар

Кезинде кыргыз киночуларынын эмгектерин чет элдик көрүүчүлөр фестивалдарда чыдамсыздык менен күткөн. Азыркыга чейин Болот Шамшиев, Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев өңдүү режиссёрлордун кинофильмдери көпчүлүктүн эсинде.

Белгилүү актёр, сүрөтчү Сүймөнкүл Чокморов менен айылдык келин

Алардын айрым тасмаларындагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги таап чыкты. Бул жолу СССРдин эл артисти Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма" кинокартинасы жөнүндө кеп кылып, андагы мыкты сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Жети жаштагы Анараны кино чөйрөсүнө аралаштырган Океев менен Чокморов

Кинофильмдин сценарийин Айтматов менен Эльга Лындина жазып, композитору украиналык Шандор Коллаш болгон.

СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов, Анара Макекадырова менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Гүлсара Ажыбекова

Бульвардагы бейтааныш сулуу жана аскерден жаңы эле келген Темир

Белгилүү киноактриса Таттыбүбү Турсунбаева Океевдин эмгегинде ат минип роль аткарган

Кызыл алмадагы кичинекей Анара — азыр экономика илимдеринин доктору, профессор, ушу тапта Москвадагы Плеханов атындагы экономика университетинде иштейт

Алмалуу бакта баарлашкан кыргыз киносунун жылдыздары: Океев, Ажыбекова, Чокморов

Анда Океев жаштар менен иштешүүгө бел байлап, операторлук кызматты жаш Константин Орозалиевге, сүрөтчү кылып Жамбул Жумабаевди тандаган. Андан сырткары, жаңы эле Москвадан окуусун бүтүп келген Гүлсара Ажыбекованы башкы ролго чакырган.

Бактан кызыл алманы үзүүгө аракет кылган кичинекей Анара

Кинокартинада үй-бүлөнүн бир нече күндүк турмушу, адамдардын ортосундагы мамиле, сүйүү жөнүндө баяндалат.

Кеменин үстүндөгү той жана андагы элди башкарган Океев

Аталган тасманы жаратууга Сүймөнкул Чокморов, Алиман Жангорозова, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Арсен Умуралиев, Анара Макекадырова катышкан.

Башкы ролдордогу Сүймөнкул Чокморов менен Гүлсара Ажыбекова

Борбор калаанын ичинен сулуусун издеген жаш жигит​​​​​​

Тасма 1975-жылы Швециянын Локарно шаарындагы эл аралык кинофестивалда Ардак грамотага татып, Москвада өткөн IX эл аралык кинофестивалды ачкан. Ондогон жылдар өткөндөн кийин, 2000-жылдардын башында, Океевдин ал тасмасы Францияда абройлуу сыйлыктарды багындырган.

Булак: Sputnik

Последние новости