www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Памирдеги кыргыздар бир убактарда 25 миңге чейин жеткен. Бул туралуу профессор, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов билдирди.
Демографияга эмне таасир этти? Адамдардын социалдык активдүү болбой калганы таасир этти.
Мурдагыдай кой саабайт. Топоз саап, койдун жүнүн кыркып, сүттөн курут, май жасап, эркектердин алдуу-күчтүүлөрү Кабулга чейин барып сатышкан. "Аштыкка баруу" деген – чоң салтанат болгон. Кышкы эң таатал убактарда айлап жол жүрүшкөн. Ошонун баары ал жердеги кыргыздарды социалдык жактан активдүү кармаган. Азыр болсо активдүүлүк жок. Себеби, ал жерге башка адамдар келет, соодагерлер келет. Алар келип баңгизатка чейин сатышат. Биринен-бири үйрөнүп олтуруп, аны чеккендер бар. Мурдагы салттуу турмушунан ажырап, ден-соолугу начарлап, азайып кетти. Төрөт аз болот.
Менде маалыматтар бар, бир убактарда 25 миңге чейин жеткен. Ар кайсыл жакка көчүп кеткендер болгон. Бул жердегилер Чыңгыз хандын жапырыгынан мурда барышкан. Алар жерде катаган деген кыргыз уруусу бар. Ооганстандын тереңине чейин жайылып кеткен кыргыз уруулары бар. Азыр өзбек, уйгур жана башка болуп кеткен", -дейт тарызчы.
Булак: NazarNews.kg