www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камактагы Даниэл Ажиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова айыпталуучунун өмүрү үчүн кооптонуп жатканын  NazarNews маалымат агенттигине билдирди. 

Жактоочунун айтымында, Ажиевди Бишкектеги №1 СИЗОдо жазасын өтөп жаткандар коркутууда.

“Ал жалпы камерада отурганда аны коркутуп, тез-тезден сабап, басынткылары келген. Мындан улам ал өзүн кесүүгө аргасыз болуп, ошондо гана жеке камерага которушкан. Учурда жаракаттары калыбына келип калып, тергөө администрациясы аны кайра жалпы жайга которуп салуусу мүмкүн. Мен ЖАМКтын жетекчилигине, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жана акыйкатчыга Даниэлге жардам бергиле деп кайрылуу жолдодум. Чогуу отургандар ага өтө катаал мамиле кылган жана аны ал жакка кайра киргизүүгө болбойт. 

Биринчи Май райондук сотуна отурумга алып келгенде анын колундагы жаракатын сот дагы, мен дагы, баарыбыз тең көрдүк. Анын колу алаканынан чыканагына чейин кесилген. Анын жаракаттары жөнүндө протоколдо дагы  көрсөтүлгөн. Мага Даниелдин сабалганы тууралуу маалыматты четке кагып, анын "жакшымын" деген түшүндүрмө катын гана карматып коюшту”,  - деди Таалайгүл Токтакунова.

Ошондой эле, 4-июнда Бишкек шаардык сотунда Даниэл Ажиевдин жазык иши караларын, жактоочулар аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрыларын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости