www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн жерди трансформациялоо боюнча иши таш баканын кыймылындай. Мындай пикирин 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Алимбеков билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңеште "Жерди пайдалануу боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" долбоор экинчи окууда каралды.

Эл өкүлүнүн айтымында, өкмөт элдин зар болуп турганына карабай, жерди трансформациялоо боюнча иштерди кечеңдетип келет.

"2009-жылга чейин алынып, үй курулуп калган тилкелерди трансформация кылгыла деп өкмөткө мыйзам кабыл алып бергенбиз. Андан кийин алынган жерлерде курулган турак жайларда азыр эл жашап жатат. Бул боюнча жаңы мыйзам алып келгиле дегенбиз. Бирок бир дагы жыйынтык жок. Өкмөттүн жерди трансформациялоо боюнча ишинин ылдамдыгы таш баканын ылдамдыгына барабар болуп калды", — деди депутат.

Ошондой эле ал жер маселесине байланышкан документтерди бүтүрүүдө мамлекеттик ишканаларда бюрократия күч алганына токтолуп, Бишкектин тегерегиндеги жер маселелери чечилбегендиктен, жергиликүү тургундар менен милициянын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып жатканын кошумчалады.

"Карапайым эл жерин мыйзамдаштыруу боюнча документтерин топтоп тиешелүү органдарга кайрылат. Ал кагаздар бюрократиянын айынан улам бир эшикке кирип-чыгып жүрө берет", — деди Алимбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости