www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-июнда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;
Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 30…35;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градус болот.
Булак: NazarNews.kg