www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Исабековдун «Кумтөр» акталбаган үмүттөр» аттуу китеби жарык көрдү.

«Кумтөр» – кыргыздын ырысына жаралган байлык болчу. Алтындын кору боюнча дүйнөдө 7-орунда, Орто Азияда 1-орунда турган кен байлыгыбыз кыргыз элине кыянатчыл Президентинин, Өкмөт башчыларынын жана эл аралык деңгээлдеги «шылуундардын» кесепетинен элге жарытылуу пайдасы тийбей келет. Кылымдар бою уюп жаткан кенибиздин кутун учурдук. Ата-бабаларыбыздын урпактары үчүн сактап келген таберегин бир ууч топтун колуна салып бердик.

«Кумтөр» алтын кени кеминде элүү жыл кыргыз мамлекетинин бакубат жашоосуна тирек болор кенч эле. Чынында үмүттөр акталбады. Жаран катары, саясый ишмер катары менин көңүлүмдү өйүп келген нерсе – «Кумтөр» алтын кенинин тагдыры», - деп билдирди китептин автору Кубанычбек Исабеков.

Белгилей кетсек, 2011-жылы «Кумтөрдөгү «алтын» мафия» аталышында китеп чыгарып, окурмандардын кызуу талкуусуна коюлган. Андан бери дээрлик 10 жыл өттү. Бирок, мындан он жыл мурда көтөрүлгөн маселелер дагы деле актуалдуулугун жогото элек.

Мисалы, 2009-жылдагы келишимде көрсөтүлгөн минералдык-сырьелук базанын өнүгүшүнө арналган 4% (12 жылдан беркиси орто эсеп менен 50 млрд. сомдон ашат) кайда жумшалды, Кыргыз Өкмөтү муну бекитти беле? 16330,8 гектар жер Кумтөрдүн жанынан эки жолу мыйзам бузуулар менен берилди жана салыктар төлөнбөй келет. Кумтөрдүн эсебинен Россиядагы, Турциядагы, Монголиядагы, Канададагы алтын кендеринин Республикабызга пайдасы тиеби жана тагдыры кандай чечилет? Ушул сыяктуу суроолор көп.

«Кумтөрдүн» оорусу мамлекетибиздин башка кендерине коронавирустан жаман тарап, элибиздин алтындан кымбат ден-соолугу жабыркап, ата-бабаларыбыз өз жандарын аябай, көздүн карегиндей сактап келген табигатыбыз бузулууда. Өлкөбүздүн байлыгына кол салып, жеке кызыкчылыгы үчүн экономикабыздын, экологиябыздын кендирине «балта чаап», чет элдик ишкерлерге сатылып, байыган «баатырларын» кыргыз эли билиши керек», - деди Исабеков.

Ушундан улам, буга чейин китепке кирген фактыларга терең анализ жасап, «Алакушту атынан ата» демекчи, кээ бир чиновниктердин өз элинин келечегине кыянатчыл аракеттерин кеңири баяндап берген. Себеби, 10 жыл аралыгында топтолгон айрым маалыматтар, «Легендарлуу парламенттин» трибунасынан сүйлөнгөн сөздөр, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан макалаларды окуп, өзүнүн көз карашыны билдирүүнү туура көргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости