www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйүүчү-майлоочу майларды ташуу үчүн салондоруна контейнер орнотулган автоунаалар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-март күнү УКМК тарабынан Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылынын жанында жайгашкан кампага жана ага жакын жердеги “BS-Petrol” май куюучу жайына тинтүү жүргүзүлгөн.

«Тинтүү иштеринини натыйжасында, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташуу үчүн салондоруна атайлап жасоо жолу менен контейнерлер орнотулган Ssang Yong Musso жана Opel Zafira автоунаасы кармалды. Кармалган унаалар УКМКнын чек ара кызматынын «Кайрагач» текшерүү пунктуна жеткирилип берилди. Азыркы учурда фактылык жагдайларды жана контрабандага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», – деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости