www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада түрколог, лексиколог, окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган «Кылымдарга тете из калтырган залкар» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата жарыяланган акциясы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы жана КР Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы биргеликте уюштурган.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев, КР президентинин аппаратынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары Илязбек Балташев сөз сүйлөп, Кусейин Карасаевдин өмүрү жолу тууралуу билдирүү жасап, жалпы иш-чаранын катышуучуларына ийгилик каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости