www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тактыда отурган маалда жагалдануунун туу чокусун көрүптүрмүн”. Бул тууралуу УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев бүгүн, 25-февралда Najdak.kg редакциясынын түз эфиринде билдирди.

--“Алмазбек Атамбаев тактыда отурганда, андан кийин да чогуу жүрдүм. Ал президент болуп отурганда адамдардын кылган мамилеси чын жүрөктөн го деп ойлочумун, көрсө жагалдануунун туу чокусун көрүптүрмүн. Андай жагалданууну элестетип да болбойт, ошол эле чоң-чоң жетекчилердин Алмазбек Атамбаевдин алдында бөжөңдөп сүйлөгөн мамилесин азыр эстесем күлкүм келет“, – деди Дамир Мусакеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости